Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

Экстремисттик басылмалардын тарашын дин өкүлдөрү көзөмөлдөшү мүмкүн


Кыргызстанда коопсуздукка коркунуч туудурган диний басылмаларды дин өкүлдөрү көзөмөлдөөсүнө укук берилиши мүмкүн. Бул маселе “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген долбоордо каралууда. Долбоордун демилгечиси, депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында, диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмалар жана тасмалардын даярдалышына көзөмөл кылуу укугу өлкөдөгү диний мекемелерге да берилүүдө. Бул мекемелердин катарында Кыргызстан мусулман диний башкармалыгы жана Орус православ чиркөөсү, Бишкек епархиялык башкармалыгы бар. (BkA)

XS
SM
MD
LG