Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Хорватияда келерки жылы Евробиримдикке кошулуу же кошулбоо боюнча бүгүн жалпы элдик референдум өтүп жатат


Загребдеги шайлооканалардын бириндеги добуш берүү, 22-январь, 2012
Загребдеги шайлооканалардын бириндеги добуш берүү, 22-январь, 2012
Мунун алдынан элдин пикирин билиш үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, хорватиялыктардын көпчүлүгү Евробиримдикке кирүүнү колдойт.

Жумурияттын тышкы иштер министри Весна Пусич кечээ элди референдумга жандуу катышууга чакырып, Евробиримдикке мүчөлүк баардык хорваттарга “коопсуздукту” камсыз кылаарын айткан.

"Сурамжылоолорго караганда, Хорватиянын жарандарынын басымдуу бөлүгү Евробиримдикке кошулууну жана бул мүчөлүк бере турган коопсуздукту каалайт, - деди министр Пусич. - Мына ошон үчүн шайлооканаларга мүмкүн болушунча көп адам келип, жарандардын чыныгы мүдөөсүн көрсөтүшү зарыл".

Бирок шаркетке кошулууга каршы болгон миңдей адам Загребде митингге чыгып, Евробиримдиктин желегин өрттөдү. Полиция үч адамды кармап кетти, айрымдар жаракат алганы айтылууда.

Былтыр Хорватия Еврошаркет менен макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, келерки жылдын июлунда бул өлкө биримдиктин 28-мүчөсү болушу керек.

XS
SM
MD
LG