Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Арап министрлери Сириядагы байкоочуларын дагы узагыраак мөөнөткө калтырышы мүмкүн


Өлкөдөгү козголоңдуу шаарлардын бири Хомстогу абал, 13-январь, 2012
Өлкөдөгү козголоңдуу шаарлардын бири Хомстогу абал, 13-январь, 2012
Бүгүн Египеттин борбору Каирде Арап лигасына мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери чогулуп, Сирияга жиберген байкоочуларынын ишин дагы узартуу же токтотуу жөнүндө чечим чыгараары күтүлүүдө.

Лига 165 байкоочусун Сирияга реалдуу кырдаалды билиш үчүн жибергенине бир ай болду. Бирок байкоочулар бул өлкөдө 10 айдан бери уланып жаткан зордук-зобунду токтото албаганы үчүн сынга кабылып жатышат.

Бириккен улуттар уюмунун эсебинде президент Башар ал-Ассадга каршы нааразылык башталгандан бери бул мамлекетте 5 миңден ашуун адам өлдү.

Кечээ Сириянын оппозициясы Арап лигасына кайрылып, кризисти чечүүнү эми Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине эле таршырып берүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG