Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Бүгүн Ирактагы чабуулдарда тогуз адам набыт болду


Коопсуздук кызматкерлеринин жана догдурлардын айтымында, бүгүн Ирактын бир топ жерлеринде болгон чабуулдарда кеминде тогуз адам өлдү. Эки полисмен менен эки куралчан жикчи Бакуба шаарындагы атышууларда көз жумган. Батыштагы Фалужа шаарында текшерүү пунктунда белгисиз куралчан адам ок чыгарып, төрт аскерди өлтүргөнү кабарланды. Коопсуздук кызматтарынын кабарына караганда, Мосул шаарында дүрмөттөлгөн машине жарылып кетип, андан бир киши мүрт кеткен, үч адам жаракат алды.

XS
SM
MD
LG