Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Борбор Азияда суу пайдалануу маселеси талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Бишкекте Борбор Азияда сууну сарамжал пайдалануу маселелери боюнча жыйын өткөрөт. Парламенттин маалымат кызматынын билдиришинче, иш-чара ушул жылдын март айында Францияда өтчү Дүйнөлүк суу форумун утурлап уюштурулуп жатат.

Борбор Азияда суу башында турган Кыргызстан менен Тажикстан сууну товар катары сатуу демилгесин көтөрүп келет. Бирок буга коңшулары Казакстан менен Өзбекстан караманча каршы болууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG