Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Милиция органдарында кыскаруу болот


Ички иштер министрлигинде айрым структуралар жоюлуп, кызматкерлердин саны азаят. “Азаттыкка” маалым болгондой, ИИМде жана анын аймактагы башкармалыктарында иштегендердин баары эгерде кыскарууга туш келсе, доосу жоктугун тастыктаган документке кол коюп беришти. Азырынча канча пайызга кыскартуу болору жана бул жараян качан башталары ачыктала элек.

Өкмөттү оптималдаштыруу планына ылайык, жалпысынан үч миңден ашуун мамлекеттик кызматкер кыскарганы жатат. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов аткаминерлерди азайтуудан бюджетке бир миллиарддай сомду үнөмдөсө болорун билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG