Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

Адвокаттар Мубаракты “дале президент” деп жатышат


Египеттин мурдакы президентинин адвокаттарынын айтышынча, Хосни Мубарак техникалык жактан алганда алиге өлкө президенти болгондуктан, ал соттолбоого тийиш. Себеби, адвокат Фарид эл-Дииб жекшемби күнү жабык сотто айтканга караганда, Мубарак ырасмий түрдө президенттиктен кетпегендиктен, азыр да кол тийбестик укугуна ээ. Былтыр элдик толкундоолордон улам бийликтен кеткен Мубарак, ошондой эле коопсуздук кызмат башчысы жана полициянын төрт командири январь-февраль айларындагы 18 күндүк козголоң учурунда жүздөгөн демонстранттарды атууга жооптуу деп айыпталышууда.

XS
SM
MD
LG