Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Ливиянын вице-президенти кызматтан кетти


Ливияны башкаруучу Улуттук өткөөл кеңештин вице-президенти Абдул Хафиз Гхога ага каршы нааразылыктардан улам кызматтан кетти. Гхога 22-январда “ал-Жазиира” телеканалына берген интервьюда “өлкө кызыкчылыгы жана азыркы кырдаал талап кылгандыктан” вице-президенттиктен кеткенди туура тапканын айтты. Жекшемби күнү төрт миңдей студент Ливиянын чыгышындагы Бенгази университетинин жанында демонстрацияга чыгып, Гхоганы “оппортунист, Муаммар Каддафинин күнү бүткөнү айкын болгондон кийин, анын бийлигин таштады” деп күнөөлөшкөн. Ишемби күнү студенттер Өткөөл өкмөттүн Бенгазидеги кеңсесин ээлеп алышкан.

XS
SM
MD
LG