Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Көпчүлүк хорваттар ЕБга өтүүнү жактырды


Хорватиялык шайлоочулардын 66 проценти өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусун жактады. Борборшайлоокомдун билдиришинче, шайлоочулардын 33 процентке жакыны каршы добуш берди. Референдумга шайлоочулардын 44 проценти гана катышты. Эки тарап былтыр кол койгон келишимге жараша Хорватия 2013-жылы июнда Европа Биримдигине 28-мүчө болуп өтөт. Ага чейин Биримдиктин мүчөлөрү береги келишимди ратификациялоосу керек.

XS
SM
MD
LG