Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 19:46

Түптө мектеп рэкетине каршы акция жүрүп жатат


Ысык-Көл облусунун Түп районунда мектептеги рэкетке каршы акция өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин облус боюнча башкы адиси Рыскелди Жуманов билдирди. Иш-чара 1-апрелге чейин уланат. Мектеп окуучулары, ата-энелер, милиция жана жарандык коом өкүлдөрү катышууда. Былтыр күздө Түп районунун Тогуз-Булак айылында 1 окуучу мектеп рэкетинин курмандыгы болгону айтылган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG