Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Балдарды коргоо лигасы билдирүү таратты


Бүгүн Балдардын укуктарын коргоо лигасынын кеңсесине өзүн "саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетовдун авдвокатымын" деп тааныштырган адам кирип келип, опузалаганын лига жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Ал киши Мамбетовду коргоо үчүн баардык ыкмаларды колдоноорун айтып, анын күнөөсүн далилдеген материалдарды көрсөтүүнү талап кылды. Милицияга кайрылганда гана өзүн Муратбек Асанов деп тааныштырган бул киши кеңседен чыгып кеткен.

Өткөн аптада Балдардын укуктарын коргоо лигасы "Мамбетов саламаттыкты сактоо тармагында мыйзамсыз аракеттерди жасап жатат" деген даттанууларга байланыштуу билдирүү тараткан. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Мамбетовго карата чара колдонушу керек деген талап койгон.

"Азаттык" Касымбек Мамбетовдун өзүнүн пикирин угуу үчүн кызматтык телефону боюнча кайрылган. Кабылдамасынан "өзүбүз чалабыз" дешкен, бирок жооп болгон жок. (RK)

XS
SM
MD
LG