Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Ош: Абактагылардын жакындары менен мэр сүйлөшүп жатат


Ушу тапта Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов абакта ачкачылык жарыялагандардын жакындары менен сүйлөшүп жатат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, 70ке жакын киши эртең менен мэриянын алдына митингге чыгышкан. Жолугушууга журналисттердин катышуусуна тыюу салынды. Массалык маалымат каражаттарынын атынан жалгыз өкүл болгон "Азаттыктын" кабарчысын митингчилердин талабына карабастан чыгарып коюшту.

Ош шаарындагы №25 түрмөдө жана №5 тергөө абагында ачкачылык дагы эле уланууда. Камалгандардын жалпы саны 403 адам. Ачкачылыкты үч жүздөн ашууну жарыялаган.

16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагында чыккан тополоңдон кийин Кыргызстандын дээрлик баардык абактарында ачкачылык башталган. Талабы - №1 абактагы кээ бир камераларды жаппай, ачык калтыруу экенин Жаза аткаруу кызматы билдирүүдө. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG