Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Абактагылардын жакындары парламент алдына чыгышты


Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында 200дөй киши чогулуп турат. Алар абактагылардын жакындары экенин айтышууда. Талаптары - түрмө шарттарын жакшыртуу, ачкачылык жарыялагандардын талаптарын аткаруу. Мындай митинг өткөн аптада да болгон.

16-январда Жаза аткаруу кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагында ээн-эркин басып, каалаганын кылып көнгөндөрдү тартипке келтирип, айрымдарын башка абакка көчүрүү аракетин жасаганда камактагылар тополоң чыгарышкан. Аларды колдоп дээрлик баардык түрмөлөрдө ачкачылык жарыяланган. №1 абактагы тополоңду басыш үчүн күч колдонулган.

Акыйкатчы Турсунбек Акун күч колдонуу туура эмес болгонун, абактагылардын укугу бузулганын айтып чыккан. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG