Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

24-январга карата аба ырайы


24-январда түнкүсүн Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Калган аймактарда айрым жерлерде кар жаайт, күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -3...-8,
Талас облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -4...-9,
Баткенде түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...+4,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6...-11 градус, күндүз 0...-5,
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -12...-17,
Тоолордо түнкүсүн -22...-27, ал эми күндүз -10...-15 болот.

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18...20 градус, күндүз 4..6 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG