Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Египетте жаңы парламенттин алгачкы сессиясы ачылды


Парламент жыйыны былтыр февралда президент Хосни Мубарактын режимин кулатууда каза тапкан жүздөгөн адамдарды эскерүү жөрөлгөсү менен башталды.

Египет парламентинин төмөнкү палатасы бүгүн өз төрагасын шайлап, бул кызматка “Мусулман агаиндер” кыймылынын Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын талапкери келери күтүлүүдө.

Аталган партия Египеттин акыркы отуз жылдагы алгачкы эркин шайлоосунда добуштардын эң көбүн алды.

Партия өлкөнү жарандык башкарууга өткөрүүнү убада кылууда. Хосни Мубарак президенттиктен кетүүгө аргасыз болгондон кийин бийлик аскерий жетекчиликтин колуна өткөн.

XS
SM
MD
LG