Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Ошто Байзаковдун кетишин талап кылышты


Оштогу №25 жаза аткаруу мекемесининде ачкачылык жарыялап отургандардын туугандары түрмөнүн алдында митинг уюштуруп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаковдун кызматтан кетишин талап кылышты. 16-январда Бишкектеги №1 тергөө абагындагы окуяны камактагыларга карата зомбулук деп атап, ал үчүн Байзаков күнөөлүү дешти.

Аталган абактын жетекчиси Абдыкадыр Асанов “Азаттыкка” билдиргендей, камакта отургандардын туугандарынан, акыйкатчынын, шаардык бийликтин өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия түрмөнүн ичиндеги абал менен таанышып чыкты.

“Митингге чыккандар Ош түрмөсүнө олуттуу доомат айтышкан жок, болгону Бишкектеги №1 абакта болгон окуянын бул жерде кайталанбасын деген талапты коюшууда”,- дейт Асанов.

Ушул тапта митингдин катышуучулары тарап жатышат. Ош түрмөсүндө ачкачылык акциясы 18-январдан бери уланууда. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG