Абакта ачкачылык жарыялагандардын арасынан абалы начарларды күчтөп азыктандырышат. Мындай чечимди Жаза аткаруу кызматы кабыл алды. Аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул зордоп тамак ичирүү эмес, кан тамырларга тамчылатма жол менен глюкоза сайуу дегенди түшүндүрөт. Абактардын медицина кызматтарына ушундай тапшырма берилди. 17-январдан бери Кыргызстандын дээрлик баардык абактарында камалгандар түрмөнүн тамагынан баш тартып, үйдөн келген тамакты гана ичип жатышат. Бүгүнкү күнгө карата 40ка жакыны абалы начарлагандыктан доктурга кайрылышты. (RK)