Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Аялдар абагында нааразылык айтылды


21-январда Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги жана жарандык коом өкүлдөрү Степное айылындагы аялдар абагында болушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган кызматтан кабарлашты. Аялдар түрмөдөгү жашоо шартты жакшыртууну талап кылышты жана мунапыска туш келген аялдардын саны өтө эле аз экенине нааразылык айтышты. Көпчүлүгү боюнча сот чечимдери акыйкатсыз болуп калганын билдиришти. Былтыркы мунапыста үч гана аял толук бошогон. Аталган абакта кармалгандардын саны 307, экөө жашы жете элек, онунун колунда наристеси бар. (RK)

XS
SM
MD
LG