Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Каракол: Абактагылардын жакындары чогулду


Бүгүн Каракол шаарында жайгашкан №3 абактын алдына камалгандардын жакындары чогулуп, нааразылык акциясын өткөрүштү. Алардын бири Анара Максүтованын айтымында, алып келген тамак-ашын албай жатышат. Абактын башчысы Таалай Асанбаев тамак жасалып жатканын, бирок камактагылар таттуу чай гана ичип жатканын билдирди. Бүгүн ачкачылык жарыялагандар менен акыйкатчынын өкүлү Аскар Мансуров жолукту. 17-январдан бери Кыргызстандын дээрлик баардык түрмөлөрүндө ачкачылык жарыяланган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG