Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Орусия Азербайжандан газ сатып алууну көбөйтөт


Азербайжандан газ импорту эки эсеге көбөйөрүн “Газпром” кабарлады. Маалыматка караганда, тиешелүү келишимге Орусиянын мамлекет карамагындагы бул компаниясынын башчысы Алексей Миллер менен Азербайжандын өкмөттүк SOCAR мунай-газ компаниясынын башчысы Ровнаг Абдуллаев бүгүн кол коюшту.

Макулдашууга ылайык, Орусия быйыл Азербайжандан сатып алуучу газ көлөмү 1,5 миллиард кубметрден 3 миллиард кубметрге чыгат. Ал эми 2013-жылдан тарта 3 миллиард кубметрден да ашат.

“Газпром” өткөн аптада Түштүк агым газ куурунун курулушун 2013-жылы эмес, 2012-жылдын декабрында баштай турганын жарыялаган. Ал долбоор ишке кирсе, түштүк-чыгыш Европа өлкөлөрү жылына 63 миллиард кубметр көгүлтүр от менен камсыздалат.

XS
SM
MD
LG