Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

HRW Борбор Азия диктаторлоруна мүнөздөмө берди


2011-жылы Борбор Азиянын диктаторлору Араб дүйнөсүн солкулдаткан демонстрациялар регионго жайылып кетет деп кооптонуп, элдик чыгууларды аёосуз басты. Мындай билдирүүнү Хьюман Райтс Уоч уюмунун Улуттар Уюму боюнча директору Филипп Болопьон кечээ БУУдагы маалымат жыйынында жасады:

- Көпчүлүк өлкөлөр региондо эмне болуп кетет деп турганынан эч шек жок жана Араб жазынан туура сабак алышпады: диссиденттерди басуунун мыкты жолу аларды талкалоо деп ойлошот. Бул жол Жакынкы Чыгыштагы көпчүлүк өлкөлөрдө өзүн актабады.

Болопьон Азербайжан тууралуу мындай деди:

- Мисалы, Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү Азербайжанда өкмөт Араб жазынан аябай коркту. Бул дүйнөдөгү көпчүлүк авторитардык өлкөлөргө да мүнөздүү көрүнүш. Бирок Азербайжанда нааразы эл көчөгө чыкканда алар чечкиндүү жана аёосуз куулду.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан адам укугун коргоочу эл аралык уюмдун докладында президент Назарбаев адам укугу жаатында узактан бери убада кылган реформасын ишке ашырбай, абал бир кыйла начарлаганы белгиленет.
Өзбек президенти Каримов Араб жазынан кийин коопсуздук күчтөрүн чыңдап, Интернетти көзөмөлдөөнү күчөткөн. Түркмөнстанда адам укуктарын коргоочуларга өкмөттөн коркунуч күчтүү болсо, Тажикстанда былтыр диний эркиндикти жана билим алууну чектеген мыйзам кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG