Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:38

АКШда өзбекстандык качкын камакка алынды


АКШнын Чикаго аэропортунда 35 жаштагы өзбекстандык качкын Жамшид Мухторов камакка алынды. АКШнын Адилет министрлигинин билдиришинче, Мухторов Пакистанга барып, Ислам жихади уюмуна кошулмак болгон деп шектелүүдө. Бул уюм Өзбекстандагы дүниябий өкмөттү кулатып, ордуна шариятка таянган мамлекет курууну көздөйт. Мухторов ошондой эле Абдумомин Түркистани жана Абу Мумин деген ысымдарды пайдаланганы айтылат. Эгер анын күнөөсү тастыкталса, 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, 250 миң долларга чейин айып төлөшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG