Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Тажикстанда аткезчи чиновниктер кармалды


Тажикстанда маң аткезчилигине "катыштыгы бар" деп шектелип, бир катар даражалуу чиновниктер камакка алынганы маалымдалды. Алардын ичинде Ооганстанга чектеш Фархор районунун маң заттарына каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Фарудин Умаров бар. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын 1-найыбынын иниси Фарудин Умаров маң жолу өткөн Хатлон облусунун коопсуздук кызматтарынын офицерлери кирген “уюшкан кылмыштуу топтун” ана башы экени айтылат. Андан тышкары ай башында Ички иштер министрлигинин маң заттары менен күрөшүү департаментинин башчысы жана милициянын полковниги кармалганын “Азаттыкка” атын атабаган ырасмий булак билдирди.

XS
SM
MD
LG