Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Тергөө абагындагылар ооздорун тигип алышты


Бишкектеги биринчи тергөө абагындагы адамдар ачкачылык жарыялаганын тастыктоо максатында ооздорун тигип алышты. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова «Азаттыкка» билдирди. Оозун тиккендер Жаза аткаруу кызматынын "абактагылар өз жакындары алып келген тамактарды ичип, түрмөнүкүн ичпей жатат" деген маалыматын негизсиз деп эсептешип, чын эле ачкачылык жарыялап жатканын айтууда. Укук коргоочу тергөө абагында отурган дээрлик бардык эркектер ооздорун тигип алышканын кабарлады. Бул маалыматты Жаза аткаруу кызматы тастыктай элек. Өткөн аптада бул тергөө абагында тополоң чыккан, андан соң бир катар абактарда ачкачылык башталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG