Бүгүн кумаркананын мурдагы кызматкерлери иш таап берүү талабы менен кайрадан Ак үй алдында митингге чыкты. Алардын бири Зарина Беймакованын «Азаттыкка» кабарлашынча, чогулгандар менен өкмөт өкүлдөрү сүйлөшүп, кызматкерлердин талабын парламентке жеткирерин билдирди. Митингге чыккандар жакын арада парламенттин чечимин күтүшөрүн айтып, таркап кетишти.
Кыргызстандагы казино жана оюн автоматтарына тыюу салган мыйзам жыл башынан тарта күчүнө кирген. Кумарканалар жабылгандан кийин миңдеген адамдар жумушсуз калаары кабарланган. (KKs)
Кыргызстандагы казино жана оюн автоматтарына тыюу салган мыйзам жыл башынан тарта күчүнө кирген. Кумарканалар жабылгандан кийин миңдеген адамдар жумушсуз калаары кабарланган. (KKs)