Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Сууктан Чоң-Алайдагы мектептер убактылуу жабылды


Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мектептер 1-февралга чейин жабылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук администрациянын басма сөз катчысы Канболот Тутуев билдирди. Чоң-Алайда абанын температурасы -43 градуска чейин түшүп кеткендиктен, райондук кеңеш мектептерди жабууга аргасыз болгон. Райондо жалпы 17 мектеп, 11 бала бакча, бир спорт мектеби менен бир чыгармачылык борбор бар. Сууктан улам буга чейин Нарын облусунун бир катар мектептеринде да окуу убактылуу токтогон. (KKs)

XS
SM
MD
LG