Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

“Кудайберген” базарынын сатуучулары мэрияга нааразы


Бүгүн Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын сатуучулары шаардык мэриянын алдында нааразылык билдирип чыгышты. Алардын бири Сагынбек Алапаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, сатуучулар базарда ижара акысы миң сомго чейин көбөйүп кеткенине нааразы. Ижара акысы буга чейин 2,5 миң сом болсо, азыр 3,5 миңге чыккан. “Азаттыктын” кабарчысы кеминде жүзгө чукул сатуучу мэриянын жообун күтүп турганын билдирди. Шаардык мерия бул боюнча комментарий бере элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG