Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Алты абакта оозун тиккендер жалпысынан 650дөн ашты


Жаза аткаруу кызматынын басма сөз борборунан “Азаттыкка” кабарлашкандай, беш түзөтүү колониясы менен бир тергөө абагында оозун тиккендердин саны кеминде 650дөн ашты. Бишкектеги №1 тергөө абагында 385 адам, Петровкадагы №8 түзөтүү колониясында 61, Ново-Покровкадагы 3-колонияда 19 адам, ошондой эле №19 колонияда 200, 16-түзөтүү колониясында бир адам оозун тигип алды.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, абактагылар чын эле ачкачылык жарыялаганын тастыктоо максатында ооздорун тигишкен. Жаза аткаруу кызматы ачкачылык жарыялагандар Бишкектеги биринчи тергөө абагында камералардын ачык болушун талап кылып жатканын билдирүүдө. Кыргызстан түрмөлөрүндөгү ачкачылык 19-январдан бери уланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG