Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Быйыл мааракелерге кеткен чыгым азаят


Бүгүн кыргыз өкмөтү 2012-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен өткөрүлө турган мааракелердин санын кыскартуу чечимин кабыл алды. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул жылы мамлекеттик деңгээлде өтө турган 28 иш-чаранын саны 13кө кыскарды. Быйыл өткөрүүгө уруксат берилген мааракелердин ичинде мамлекеттик гимн менен желектин кабыл алынышынын 20 жылдыгын белгилөө өңдүү иш-чаралар бар. Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары бюджеттин эсебинен маараке өткөрүүгө чектөө киргизүү демилгелерин көтөрүшкөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG