Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Москвада мушташка шектүү кыргыз жарандары кармалды


Москванын метросунда жергиликтүү тургундар менен кыргыз жарандары мушташа кетишти. Бул маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмазбек Абдисияев «Азаттыкка» тастыктады. Маалыматка ылайык, мушташ кечээ кечки саат он жарымдар чамасында Москвадагы метронун «Бауман» жана «Электрозавод» станцияларынын ортосунда вагондогу он чакты адамдын ортосунда чыккан. Жыйынтыгында орусиянын 34 жаштагы жараны бычактан жаракат алып, ооруканага түшүп калган. Окуя болгон жерде алты кыргызстандык камакка алынган. Мындан тышкары качып кетти деген шек менен Москвадагы «Бишкекская ночь» түнкү клубунда иштеген эки кыргыз жараны кармалган. Алардын бирөөсүнөн орус жаранына зыян келтирген бычак табылган.

Бүгүн кармалгандардын төртөө коё берилди. Азыр элчиликтин юристи калган төрт кыргыз жараны кылмышка канчалык шектүү экенин тактоодо. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектелген кыргыз жарандары Ош облусунан келген. Алардын айрымдары Орусияда мыйзамсыз жүргөнү жана кармоо маалында мас абалда болгону кабарланууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG