Президент Барак Обама Конгресстин кош палатасынын сессиясында кезектеги кайрылуусун жасайт. Миллиондогон телекөрүүчүлөргө тартуулана турган сөзүндө президент экономикалык адилеттүүлүк маселесине басым жасайт деп күтүлүүдө. Докладын утурлай жазылып алган видеодо ал Кошмо Штаттары “байлар үчүн гана эмес ар бир адам үчүн иштеген экономиканы курууга тийиш” деп белигледи. Салт боюнча Обама ант берип, президенттик кызматка киришкен күнү кайрылуу жасап келатат. Бул ирет кайрылуу президент экинчи мөөнөт үчүн ат салышууга даярданып жаткан кезге туш келүүдө. Сурамжылоолор көргөзгөндөй, америкалыктардын жарымы Обаманын экономика чөйрөсүндө жүргүзгөн иштерине канааттанбайт. Республикачыл партиянын атынан жарышка чыгам деген талапкерлер президент экономикага залака тийгизген саясатты колдоодо деп айыпташууда.