Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Түрк өкмөт башчысы Франциянын геноцид жөнүндөгү мыйзам долбоорун айыптады


Түркиянын премьер-министри Режеп Таип Эрдоган Франциянын геноцид жөнүндөгү жобосун “дискрминациялык жана расисстик” деп сыпаттады. Эрдоган Түркия тийиштүү жооп кайтараарын айтты. Анкара Праиждеги элчисин чакыртып алып, дипломатиялык мамилелерди кескин кыскартаарын буга чейин эскерткен.

Француз Сенаты кечээ жактырган мыйзам долбооруна ылайык, тукум курутту, анын ичинде 1915-16-жылдары Түркиянын чыгышында армяндардын массалык кырылышын тануу кылмыш болуп саналат. Өткөн айда парламенттин төмөнкү палатасы да мыйзам долбоорун колдоп добуш берген. Эми документ президент Николя Саркозиге жөнөтүлмөкчү. Мыйзам күчүнө кирсе, аны бузгандар 1 жылга чейин эркинен ажыратылып, 45 миң евро айып пул төлөөгө милдеттендирилет.

Армениянын тышкы иштер министри болсо мыйзамдын жактырылышын кубаттады. Армениянын ырастоосунда, Осмон империясы маалында Түркияда 1 жарым миллиондой армяндын кырылышы тукум курут саясатынын натыйжасы болгон. Түркия геноцид деген терминди четке кагып, Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда болгон салгылашуулар эки тарапта тең адам чыгымдарына алып келген деген позицияны карманат.

XS
SM
MD
LG