Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

HRW: Борбор Азия лидерлери "араб жазынан" чочулашкан


Борбор Азия жана Азербайжандын лидерлери “араб жазы” алардын өлкөлөрүнө да жайылат деген чочулоодон улам, репрессияларын күчөтүшкөн, - деп айтылат Хьюман Райтс Уоч уюмунун жаңы докладында. Кечээ өткөн маалымат жыйынында уюмдун расмий өкүлү Филип Болопион Азербайжан президенти Илхам Алиевдин өкмөтү оппозициянын демонстрацияларына мурдагыдан катаңыраак жооп кайтарганын белгиледи.

Баяндамасында “араб жазына” кеңири токтолгон уюм Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев адам укуктары жаатында көптөн бери убада кылып келаткан реформаларды ишке ашырган жок деп жазат. Кыргызстан 2010-жылдын июнунда болгон окуялардын кесепеттери менен күрөшүүнү улантты, маалымат каражаттарынын эркиндиги үчүн жалпысынан климат жакшырганы менен, бийлик сөз эркиндигин чектөөгө аракет жасаган, - деп белгилешет докладдын авторлору.

Ал эми диний эркиндикти чектеген жаңы мыйзам кабыл алынган Тажикстанда адам укуктарынын абалы ошол бойдон эле “өтө начар” деңгээлде кала берүүдө.

Эң репрессивдүүү өлкөлөрдүн катарына кирген Түркмөнстанда укук коргоочулар бийликтин тынымсыз куугунтуктоолоруна туш болууда. Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун режими араб өлкөлөрүндөгү демократиячыл көтөрүлүшкө интернеттеги, көчөлөрдөгү көзөмөлдү күчөтүү чаралары менен жооп берген, - делинет докладда.

XS
SM
MD
LG