Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Париж Ооганстандагы аскерлерин эрте алып чыгууну караштырууда


Франция Ооганстандагы аскерлерин алып чыгуу жараянын ыкчамдатуу маселесин президент Хамид Карзайдын Парижге сапарынан кийин чечет. Бул тууралуу Франциянын тышкы иштер министри Алэн Жюппе билдирди. Өткөн аптада президент Николя Саркози франциялык аскерлердин Ооганстандагы бардык операцияларын токтоттуруп, контингентти мөөнөтүнөн мурда чыгарып кетүү тууралуу эскерткен. 20-январда Ооганстандын чыгышындагы базада франциялык 4 жоокер оогандык аскрелердин огунан набыт кеткен. Талибан бул кыянатчылык үчүн Ооганстандын улуттук армиясынын аскерлерин жалдаганын моюнга алган. Бирок Ооганстандагы бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгы кол салуунун артында чындап эле талиптер турат деп айтуу эрте деп билдирди.

XS
SM
MD
LG