Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:07

Иракта ич ара уруш башталса, Анкара карап турбайт


Түркиянын премьер-министри кокус Иракта жаатташуу кеңири жайылса, ырасмий Анкара жөн карап турбасын эскертти. “Кимдер бирин-бири кырып жаткан агайиндерди колун кайчылаштыра карап турса, алар адам өлтүргөнгө кол кабыш кылган болот”, - деди Режеп Тайып Эрдоган шейшемби күнү телевидениеден сүйлөп. Эрдоган Ирактын өкмөт башчысы Нури Маликинин Түркия Ирактын ички ишине кийлигишүүдө деген сөзүн “обу жок кеп” деп сыпаттады. 22-январда Ирак өкмөтү Түркия, Иран жана аты аталбаган араб өлкөлөрүн ирактык шиилер менен сунни саясатчылары арасындагы кризиске кийлигишкенге аракеттенүүдө деп күнөөлөгөн эле. Декабрда АКШлык күчтөр Ирактан биротоло чыгып кеткенден бери шиилер үстөмдүк кылган Нуринин өкмөтү суннилер колдогон чоң саясый блок менен тил таппай жатат.

XS
SM
MD
LG