Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Батыш Россияны Асадга курал сатпоого чакырды


БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги талкууда Британия, Франция жана АКШнын элчилери Россиянын Сирияга каруу жарак сатуусун сындашты. АКШ элчиси Сюзан Райс бардык өлкөлөрдү, айрыкча, Россияны Сирияга курал сатканды токтотууга үндөдү:

- Жакында Сирия өкмөтүнө курал-жарак жана аскерий товарлар жөнөтүлгөнүнө кабатыр болдук. Биз камсыздоочу өлкөлөрдү өз ыктыяры менен Асаддын бийлигине курал берүүнү токтотууга чакырабыз жана бардык өлкөлөрдүн бу режимге курал жөнөтүлүшүн токтотуу аракетин күчөтүүсүн колдойбуз.

Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч уюмунун БУУ боюнча директору Филиппе Болопьон Россиянын Сирияга 500 миң долларга курал сатуу жөнүндөгү келишимге кол койуусун сындады.

XS
SM
MD
LG