Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Сирия Араб Лигасынын байкоочуларын дагы 1 айга калтырды


Ырасмий Дамаск Араб Лигасынын байкоочулар миссиясын 23-февралга чейин узартканга макулдук берди. Бул жөнүндө Сирия өкмөттүк САНА агенттиги кабарлады. Декабрдын аягында түзүлгөн миссия Сирияда 10 айдан бери жүрүп жаткан тирешүүлөрдү токтотууга көмөктөшүп жүрөт. Армия менен анти-өкмөтчүл козголушчулар арасындагы кагылыштарда, БУУнун эсебинче, 5 миңден ашуун адам курман болгон.

Араб Лигасы Сириядагы кырдаалды жөндөө боюнча соңку планды БУУнун башкатчысы Пан Ги Мунга жөнөттү. Катта Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы кырдаал боюнча кездешип, Араб Лигасынын планын колдоо суралат. Береги катты алганын БУУ тастыктады.

Шейшемби күнү Перс булуңундагы араб мамлекеттери Араб Лигасынын Сириядагы байкоочулар миссиясынан чыгуу ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG