Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Премьер район башчылыкка талапкерлерди көрсөтөт


Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, премьер-министр Өмүрбек Бабанов райондук администрация башчылыкка талапкерлерди сунуштайт. Мыйзамдарга ылайык, Бабанов ар бир райондун акими үчүн үчтөн кем эмес талапкерди көрсөтөт. Талапкерлерди сунуш түшкөндөн кийин 15 күндөн кем эмес убакыт аралыгында райондук кеңеш тандашы керек. Бардыгы болуп 120 адам көрсөтүлөт. Эгер көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен аким шайланбай калса, премьер 20 күндүн аралыгында кайра жаңы талапкерлерди сунушташы зарыл.

Кыргызстанда буга чейин акимдер президенттин буйругу менен дайындалчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG