Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Обама: Экономика байларга эмес, ар бир жаранга кызмат кылышы керек


Президент Барак Обама шейшемби күнү Конгрессте АКШдагы абал жөнүндө жылдык кайрылуусун жасады. Өз сөзүндө Обама конгрессмендерди америкалык өндүрүүчүлөр эл аралык рынокто үстөмдүк кылуусу үчүн тийиштүү чараларды көрүүгө үндөдү. Ал эми андан мурда жарыяланган видеотасмада Обама Кошмо Штаттардын келечегине токтолуп, өлкөдө “бир ууч байларга эмес, ар бир жаран үчүн кызмат кылган экономиканы” куруу зарыл деди :

- Бизде ар күн үчүн күрөшкөн, жумушу жок же узак убактан бери өсүүнү көрбөгөн, маянасы кымбатчылыктан кунун жоготуп бараткан миллиондогон америкалык мекендештерибиз бар. Биз атаандаша аларыбызды, биз өнүгүп баратканыбызды жана жумуш орундарын түзүп жатканыбызды, бул келечекте да улана турганына ишендирүү менин көңүл чордонумда биринчи орунда турат. Бул Кошмо Штаттар үчүн негизги маселе болушу керек.

Азыр көпчүлүк америкалыктар Барак Обаманы экинчи мөөнөткө шайлоо-шайлабасын билбей, арсар абалда турушат. Учурда жумушсуздар эмгекке жарамдуу калктын 8,5 пайызына тете.

АКШда президенттик шайлоо быйыл 6-ноябрда болот.

XS
SM
MD
LG