Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Радиациялуу көмүр боюнча Казакстандан жооп жок


Казакстан бийлиги Кулан кенинен Бишкекке ташылып келген радиациялуу көмүрдү кайра алуу боюнча чечимин билдире элек. Бул тууралуу Бишкектеги жылытуу электр борборунун жетекчиси Юрий Фрик журналисттерге билдирди. Анын айтымында, кенди Бишкекке жеткирген компания көмүрдү кайра ташып кетүүгө макул болду. Бирок аны ишке ашыруу үчүн Казакстандын расмий бийлигинин макулдугу керек. Ушул тапта радиациялуу көмүр Бишкектеги жылытуу электр борборунда атайын жайда сакталып турат. Аны атайын вагондор менен ташып кетүүгө даярдык көрүлүүдө. Өткөн жылы Казакстандын Кулан кенинен Бишкекке келген кеминде 8 миң тоннага жакын көмүрдө радиациянын деңгээли нормадан 8-10 эсе жогору болгону аныкталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG