Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Жаза аткаруу кызматында кадрдык өзгөрүүлөр болду


Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен өкмөткө караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Калыбек Качкыналиев жана төраганын дагы бир орун басары, Жазаларды аткаруу департаментинин жетекчиси Нурлан Орозалиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Куанышбек Кенебаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Калмурат Байтолоев төраганын орун басары, Эсенбек Жумакадыров төраганын дагы бир орун басары, мекеменин алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвоирлөө боюнча департаментинин жетекчиси болуп дайындалды. Жаза аткаруу кызматындагы кадрдык өзгөрүүлөр түрмөлөрдөгү ачкачылыкка байланышы бар же жок экени ачыкталган жок. (KKs)

XS
SM
MD
LG