Ноокатта аялдар үчүн диний окуу жай ачуу сунушталууда
Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн Ноокат райондук администрациясы уюштурган “Диний экстримизмдин алдын алуу” темасындагы семинардын катышуучулары тарабынан Дин боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрүнө жогорудагы сунуш айтылган.
Сунуш берүүчүлөрдүн ойлору боюнча, үй шартында, көчөлөрдөн сатып алынган китепчелерден диний таалим алуудан улам аялдар арасында туура эмес түшүнүктөр пайда болууда жана диний экстремизмге тартылып жаткан аялдардын саны көбөйүп жатат. Бул бул сунуш дин боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан муфтиятка жеткирилмей болду. Семинарга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, диний ишмерлер, райондун активдүү жаштары катышкан. (SE)