Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Египет козголоңдун бир жылдыгын белгилеп жатат


Хосни Мубарактын президенттик кызматтан кетишине алып келген массалык козголоңдун бир жылдыгын белгилөө үчүн бүгүн Каирдин борборунда миңдеген киши чогулду. Мындан туура бир жыл мурда коңшулаш Тунистеги козголоңго куштарланган египеттиктер демократиялык реформаны талап кылып, көчөгө чыгышкан. Мубарак акыры 11-февралда кетүүгө мажбур болгон. Мааракенин алдында Египеттин аскер кеңешинин жетекчиси Хусеин Тантави чукул абал кетирилгенин жарыялады:

Эл өз оюн билдирип, парламентти шайлагандан кийин мен өлкө боюнча чукул абалды күчүнөн кетирүүнү чечтим.

Чукул абал бүгүнтөн баштап алынып салынды. Бүгүнкү демонстранттардын арасында реформачыл либералдар менен катар, соңку шайлоодо жеңип чыккан исламчыл партиялардын колдоочулары бар экендиги кабарланууда.

XS
SM
MD
LG