Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:48

Тибетте тополоң жайылып жатат

Кытайдын көзөмөлүндөгү Тибетте кытай аскерлери менен этникалык тибеттердин ортосундагы кагылыштардын жайылып жаткандыгы маалым болууда. Чет өлкөдө жайгашкан тибеттик укук коргоочу уюм Ганзи префектурасындагы Седа ооданында 24-январда аз дегенде эки тибеттик атып өлтүрүлгөнүн билдирди. Ушул эле дубандын Лухуо ооданында 23-январда бир тибеттик атып өлтүрүлгөнү кабарланган. Лухуо ооданындагы кытай аскерлери курчоого алып турган ибадатканадагы дүйшөмбү күнкү салгылашта 30 чакты тибеттик жараат алган. Индияда жайгашкан сүргүндөгү тибет өкмөтүнүн жетекчиси премьер-министри Лобсаң Сандай эл аралык коомчулукту кан төгүүнү токтотууга кийлигишүүгө чакырды.
XS
SM
MD
LG