Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Парламент түрмө кризисин талкуулады


Депутаттар жарандык коомдун өкүлдөрүн, эксперттердин оюн угушту. “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова абактардагы абалды жакшыртууга чакырды.

Айрым депутаттар жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковду иштен четтеттүүнү сунуш этишти, бирок бул кызматтагы ички карама-каршылыктарды февралдын башында кароо макулдашылды.

Бүгүн өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын эки орун басарын алмаштырган. Мунун алдында ардагер генералдар Шейшенбек Байзаковдун түрмөлөрдө тартип орнотуу аракетине криминалдык төбөлдөр ачкачылык акциялары менен бут тосуп жатышканын эскертишкен.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, 13 түрмөдө бүгүнгө карай ачкачылык жарыялагандардын саны 6 миңден ашты, алардын 1300дөн ашууну ооздоорун төөнөп алышты. Ачкачылык жарыялаган 600дөй адам дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болдушту.

Нааразы айыпкерлер түрмө шартын жакшыртуу менен катар, камералардын эшигин ачып, түрмөнүн ичинде эркин жүрүү укугун талап кылышууда. JCH

XS
SM
MD
LG