Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Прохоров расмий талапкер, Явлинский белгисиз


Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы миллиардер Михаил Прохоровду президенттикке талапкер деп каттады. Ал топтогон 2 миллион кол тамганы бекитти. Оппозициядагы “Яблоко” партиясынын лидери Евгений Явлинскийдин билдиришинче, ал үчүн топтолгон кол тамгалардын 10 пайыздан көбүн БШК жокко чыгарган. Явлинский талапкерликке катталбай калат шекилдүү.

Үчүнчү мөөнөт президент шайланууга теминип жаткан премьер-министр Владимир Путин сибирлик студенттер менен кездешүүдө “Орусия ачык өлкө жана эч качан диктатордук болбойт”, - деди. Өлкөдөгү шайлоону көзөмөлдөөчү бирден бир көз карандысыз уюм - “Голос” 4-марттагы президенттик шайлоо күнү добуш берүүгө 2 миң байкоочусу мониторинг жүргүзөөрүн жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG