Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Сребреницадагы кыргындын катышуучусу 31 жылга кесилди


Босния-Герцеговинанын согуш кылмышкерлери боюнча соту мурдагы Босния серб полициясынын офицерин 31 жылга абакка кести. 37 жаштагы Радомир Вукович 1995-жылы июлда Сребреницанын чет жакаларында "кеминде 1 миңдей мусулман эркекти кырганга катышкан" деп айыпталды. Ушундай эле күнөө менен шектелип жаткан Зоран Томичти далилдер жетишсиз болгондуктан сот актады.

XS
SM
MD
LG