Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Болгария элчилерин электеп, тазалай баштады


Болгария өкмөтү коммунисттик заманда өлкөнүн коопсуздук комитетинин жашыруун агенти болгон 17 элчини кызматтан кетирүү жараянын баштады. 2010-жылы декабрда Люстрация боюнча атайын комиссия Болгариянын элчилеринин 40 пайызы мурдагы коопсуздук комитети менен кызматташканын жарыя кылган. Алардын ичинде Москва, Бээжин, Токио жана Европанын 13 борборундагы элчилер бар. Тазалоо жараяны үч күн мурда Росен Плевнелиев президенттик кызматка расмий киришкен соң жарыяланды. Мурдагы социалист президент Георгий Парванов элчилерди кызматтан кетирүүдөн баш тарткан. Тышкы иштер министри Николай Младенов тизмедеги 17 элчи үч аптада кызматтан кетээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG