Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Радиациялуу көмүр боюнча төрт адамга айып тагылды


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Казакстандан келген радиациялуу көмүр боюнча Кыргыз темир жолдорунун санитардык эпидемиологиялык станциясы менен Бажы кызматынын экиден кызматкерине айып тагылды. Өткөн жылы Казакстандын Кулан кенинен Бишкекке келген кеминде 8 миң тоннага жакын көмүрдө радиациянын деңгээли нормадан 8-10 эсе жогору болгону аныкталган. Бишкектеги жылытуу электр борборунун жетекчиси Юрий Фриктин айтымында, кенди Бишкекке жеткирген компания көмүрдү кайра ташып кетүүгө макул болду, бирок бул үчүн Казакстандын расмий бийлигинин макулдугу бериле элек. Ушул тапта нурлуу көмүр Бишкектеги жылытуу электр борборунда атайын жайда сакталып турат. JCH/RK

XS
SM
MD
LG