Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Исаков: Уулуу көмүр элге сатылган жок


Казакстандын Кулан кенинен чыккан уулу көмүр Бишкек ТЭЦине жагылып же элге сталып кетпеши көзөмөлдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинин жетекчиси Төлөн Исаков билдирди.

“Электр станциялар” акционердик коому “аякта көзөмөл коюлуп, жагылган жок” деп жазуу түрүндө берип жатат. Бир да килограмм көмүр эч жакка чыккан жок дешти.

Төлөн Исаковдун айтымында, Куландан келген көмүр элге сатылып кетиши үчүн борбордо жана шаар четинде атайын текшерүү жүргүзүлүп турган:

Бишкекте, Чүй облусунда көчөгө чыгып, машинага салып саткан бир топ жерди өзүбүз кыдырып текшердик. Радиациясын да текшерип, өлчөп келгенбиз. Куландан келген көмүр сатылбаптыр.

Өткөн жылы Казакстандын Кулан кенинен Бишкекке келген кеминде 8 миң тоннага жакын көмүрдө радиациянын деңгээли нормадан 8-10 эсе жогору болгону аныкталган. Бишкек ТЭЦ жетекчиси Юрий Фриктин айтымында, кенди Бишкекке жеткирген компания көмүрдү кайра ташып кетүүгө макул болду, бирок бул үчүн Казакстандын расмий бийлигинин макулдугу бериле элек. Ушул тапта нурлуу көмүр Бишкектеги жылытуу электр борборунда атайын жайда сакталып турат. RK

XS
SM
MD
LG